Кыргызстанга Дубайдан 17-24-31-июлда аба каттамдар уюштурулат

Кыргызстанга Дубайдан 17-24-31-июлда аба каттамдар уюштурулат. Ал аркылуу Бириккен Араб Эмирлиги менен үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жандандырган кыргызстандыктар келе алышат. Ошондой эле билеттерди сатып алуудан мурда жарандар чыгуучу каттамдарга уруксаатын тактоо керек, — дешти тышкы иштер министрлигинен.

Кыргызстанда өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөмгө 218 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча төлөмгө 218 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Ички иштер миниcтрлигинен novosti.kgге билдиришти. Маалыматка ылайык, акчалар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Ат-Башы райондорунда өзгөчө абал шартында иштеген милиция кызматкерлерине берилет. Каражаттын 209 миллион сому министрликке, 9… Кененирээк…

Түштүк Кореядагы кафелердин биринде робот баристалар пайда болду

Түштүк Кореядагы кафелердин биринде робот баристалар пайда болду. Кафенин карларларына кофени роботтор өздөрү даярдап, жеткирип беришет. Адамдар жабдууда жайгашкан планшет аркылуу суусундуктун түрүн, санын жана төлөмдү жазып буйрутма бере алышат. Мындан тышкары анда кофе үчүн электрондук түрдө төлөмдөр да алынып жатат. Мындай жаңычылдык карантиндик чектөөлөрдөн… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-этабына кайра катталуу бүгүн аяктайт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн 3-этабына кайра катталуу бүгүн аяктайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, каттоо ордо калаадагы Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан №24-мектепте уюштурулууда. Ал эми Ошто шаардык билим берүү бөлүмүндө. Аталган тестирлөөгө буга чейинки ЖРТга катышпай калгандар каттала алат.

Өлкөгө Россиядан COVID-19 менен күрөшүү үчүн дарыгер жана медайымдар учуп келди

Өлкөгө Россиядан COVID-19 менен күрөшүү үчүн дарыгер жана медайымдар учуп келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, канча адис келгени азырынча так айтыла элек. Эске салсак, 5-июлда Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Келген медицина кызматкерлеринин бары Кыргызстандагы кесиптештерине КОВИД-19 менен күрөшүүгө жардам берет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги КОВИД-19ду дарылай турган препаратты жеткирүү тууралуу Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги КОВИД-19ду дарылай турган препаратты жеткирүү тууралуу Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет. Анын айтымында, кеп, авифавир препараты тууралу болуп жатат. Аны буга чейин Россия Казакстанга жеткирип берген. Белгилеп кетсек, алынып келине турган дары-дармек… Кененирээк…

Кыргызстан чет элдик донорлордон 627 миллион доллар алууну макулдашкан

Кыргызстан чет элдик донорлордон кредит жана грант түрүндө 627 миллион доллар алууну макулдашкан. Анын 461,5 миллион доллары кредит, 166 миллиону грант түрүндө берилет, — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев. Анын айтымында, учурда өлкөгө 321,4 миллион доллар келип түштү. Каражаттын бир бөлүгү коронавирус менен күрөшүү иштерине, экономиканы… Кененирээк…

Президенттин маалымат кызматы видео кайрылууну эмнеге жаңылап жарыялаганын түшүндүрдү

Президент Сооронбай Жээнбековдун YouTube каналына жарыялангандан кийин өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн видеосу социалдык түйүндөрдө талкуу жаратып жатат. 9-июлда президенттин өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу кайрылуусу жарыяланган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары видеонун алдындагы like белгисине караганда dislike көбөйүп жатканына көңүл буруп, улам сүрөтүн жарыялап жатышты. Болжол менен он саттан… Кененирээк…

Кыргызстанда жакынкы күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө

Кыргызстанда жакынкы күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Синоптиктердин айтымында, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында  11-11-12-июлда жаан жаайт. Айрым аймактарда мөндүр да жаашы күтүлөт.   Республика боюнча аба табы бир аз төмөндөйт.

Ысык-Көл облусунда селдин кесепетин тазалоо уланууда

Ысык-Көл облусунда селдин кесепетин тазалоо уланууда. Эске салсак, кечээ аймакта жааган катуу жаан-чачын сел жүрүүгө алып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу ташкыны Тоң районундагы Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун бир бөлүгүн жууп кетти.   Жеринде тартылган видео социалдык тармактарда жарыяланды.   Анда ылай аралаш масса жолдо… Кененирээк…