Кыргызстан чет элдик донорлордон 627 миллион доллар алууну макулдашкан

Кыргызстан чет элдик донорлордон кредит жана грант түрүндө 627 миллион доллар алууну макулдашкан.

Анын 461,5 миллион доллары кредит, 166 миллиону грант түрүндө берилет, — деди вице-премьер-министр

Эркин Асрандиев. Анын айтымында, учурда өлкөгө 321,4 миллион доллар келип түштү.

Каражаттын бир бөлүгү коронавирус менен күрөшүү иштерине, экономиканы колдоого,

социалдык төлөмдөр жана айлыктарга жумшалды. Калган 148,5 миллион доллары казынада турат.

Алдыда дагы 306 миллион доллар алуу макулдашылган. Учурда тактоо процесси жүрүп жатат..