Саламаттыкты сактоо министрлиги КОВИД-19ду дарылай турган препаратты жеткирүү тууралуу Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги КОВИД-19ду дарылай турган препаратты жеткирүү тууралуу

Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо

башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет. Анын айтымында, кеп, авифавир

препараты тууралу болуп жатат. Аны буга чейин Россия Казакстанга жеткирип берген.

Белгилеп кетсек, алынып келине турган дары-дармек Россияда КОВИД-19ду дарылоого бекитилген.