Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери башталды

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын Ош облусундагы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, долбоорго ылайык иштер башталды. Курулушту жүргүзүү үчүн жеңүүчү компания жумуштарга 251 миллион сом сарптайт. Кошумчаласак, Ак-Буура дарыясынын жалпы 5,5 чакырым жээги көрктөндүрүлөт. Иштер… Кененирээк…

Баткенде борбордук базар карантинге жабылды

Баткенде борбордук базар карантинге жабылды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шаардагы мал базар да 22-июлга чейин иштебейт. Соода жайларынын жабылышы аймакта коронавирус жуктурган жарадардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу. Эске салсак, Баткен облусунда буга чейин кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайлары жана бал муздак… Кененирээк…

Бишкекке Новосибирск шаарынан 183 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Новосибирск шаарынан 183 кыргызстандык кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган учак менен Сибир федералдык округундагы окуу жайларында билим алып жаткан 73 кыргызстандык студент кайтарылды. Мындан тышкары, борт аркылуу мекендештер тарабынан топтолгон 185 миң рублдук гуманитардык жардам келди.

Жыл башынан бери 23 миллиард 654 миллион сом пенсия таратылды

Жыл башынан бери 23 миллиард 654 миллион сом пенсия таратылды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов билдирет. Анын айтымында, пенсионерлердин 41 пайызы акчаларын почта аркылуу алышса, калган бөлүгүнө коммерциялык банк аркылуу төлөнөт. Белгилеп кетсек, өлкөдө пенсионерлердин саны жалпы жарандардын 10 пайызын же… Кененирээк…

Аксы районунда катталган бороон-чапкын мектептин чатырын учуруп кетти

Аксы районунда катталган бороон-чапкын мектептин чатырын учуруп кетти. Билим берүү мекемеси авариялык абалда болчу, — дешти өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Маалыматка ылайык, түндө катуу шамал катталып, Топ-Жаңгак тилкесиндеги Кулназаров атындагы орто мектебинин чатырын учурду. Учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.

Facebook жакынкы арада Instagram Reels тиркемесин ишке киргизет

Facebook жакынкы арада Instagram Reels тиркемесин ишке киргизет. Жаңы программа TikTok тиркемесин басуу ниетинде.   Жаңычылдык дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинде пайда болот. Instagram Reels тиркемесинде 15 секунддук кыска видеолор тартылып, аларга ар кандай эффектилерди кошуп койсо болот.

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун ордунда заманбап спорткомплекс курулат

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун ордунда заманбап спорткомплекс курулат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун атйымында, арена өзүнө 3 миң адамды батырат.   Анда спорттун оюн жана күрөш түрлөрү боюнча турнирлерди өткөрүү пландалууда. Комплекстин курулушу болжол менен 200 миллион сомго айланат. Каражат… Кененирээк…

Россияда коронавируска вакцина алгандар ооруканадан чыгарылды

Россияда коронавируска вакцина алгандар ооруканадан чыгарылды. Дарыгерлер вакцина алардын организмине кандай таасир берерин 28 күн бою байкап турушту.   Ооруканадан чыгар алдында бардык ыктыярчылардан кандын анализин алганда организм ооруга туруштук берген антителолорду иштеп чыга баштагандыгы жана ооруга каршы иммунитет пайда болгондугун көрсөттү.   Россиянын коронавируска… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан дагы 86 адам айыкты

Кыргызстанда коронавирустан дагы 86 адам айыкты. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, Бишкекте 13, Чүйдө 25, Ошто 11, Нарында 2, Жалал-Абадда 21, Таласта 1, Баткенде 8 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 3 миң 821 адам коронавирусту жеңди.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде   96-орунду ээледи

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде   96-орунду ээледи.   Жаңыланган тизме кечээ чыкты. Отчеттук мезгил аралыгында биздин команда беттештерди өткөргөн жок, андыктан мурдагы позициясын сактап калды.   Курамада 1 миң 240 упай бар. Кошумчалап кетсек, кыргызстандын футболчулар АФК кубогунун рейтингинде 15-орунда жайгашат.