Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду ээледи.
Жаңыланган тизме кечээ чыкты. Отчеттук мезгил аралыгында биздин команда беттештерди өткөргөн жок, андыктан мурдагы позициясын сактап калды.
Курамада 1 миң 240 упай бар. Кошумчалап кетсек, кыргызстандын футболчулар АФК кубогунун рейтингинде 15-орунда жайгашат.