Баткенде борбордук базар карантинге жабылды

Баткенде борбордук базар карантинге жабылды.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,

өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шаардагы мал базар да

22-июлга чейин иштебейт. Соода жайларынын жабылышы аймакта коронавирус

жуктурган жарадардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу. Эске салсак,

Баткен облусунда буга чейин кафе, ресторан, коомдук тамактануу

жайлары жана бал муздак саткан түйүндөр убактылуу ишин токтоткон.