Бишкек жана Оштогу  ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат

Бишкек жана Оштогу  ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат.  Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Маалыматка ылайык, учурда алардын орду жана долбоору даярдалды.   Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылышы зарыл, — деди өкмөт башчы. Андан тышкары, өлкө аймактарында колдонулбай турган… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө жакынкы саатта катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек жана Чүйдө жакынкы саатта катуу шамал болушу күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге дейре жетиши мүмкүн.   Жарандарга жеңил конструкциялардын, курулуштардын алдынан өтпөө сунушталат. Ошондой эле, унааларды бактардын алдына токтотпош керек.

Ысык-Көлдө туристтик сезон тынч өтүүдө

Ысык-Көлдө туристтик сезон тынч өтүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, былтыркыга салыштырмалуу, эс алуучулардын саны кыйла аз.   Туристтер Чолпон-Ата жана Бостериде гана байкалууда. Олуттуу мыйзам бузуулар курорттук аймакта катталган жок. Жалпысынан облуста коомдук коопсуздукту 500 милиция кызматкери камсыздап жатат.

Ат-Башы районунда Он-Арча – Жаңы-Талап жолунун курулушу башталды

Ат-Башы районунда Он-Арча – Жаңы-Талап жолунун курулушу башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда аткаруучу компания эски асфальтты алып, даярдоо иштерин жүргүзүүдө.   Долбоордун жалпы баасы   72 миллион доллардан ашат. Жолду калыбына келтирүүгө каражат Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын курулуш иштеринен үнөмдөлгөн.

Мектептерде биринчи чейрек үчүн видеосабактар тартылып баштады

Мектептерде биринчи чейрек үчүн видеосабактар тартылып баштады. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Ал белгилегендей, быйыл биринчи чейректе балдарды аралыктан окутууга даярдык көрүлүүдө. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды,   Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларын эске алуу менен кабыл… Кененирээк…

Кыргызстанда ишкерлерди колдоого 4 миллиард сомдон ашык бөлүндү

Кыргызстанда ишкерлерди колдоого 4 миллиард сомдон ашык бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. “Ишкерлик субъекттерди каржылоо” программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарга 2,2 миллиард сомду Каржы министрлиги, калганын Улуттк банк кредиттик аукциондордун алкагында берди.   Программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирустун… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутууга даярдык көрүүдө

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, Эпидемиологиялык кырдаал оң жагына өзгөрсө окуучулар мектепке бара баштайт. Кээ бир аймактардагы мектептерде окуу салттуу режимде өтүшү мүмкүн. Учурда методист, педагог… Кененирээк…

Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келди

Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 188 жаран чартердик каттам менен кайтарылды. Бул учак менен 10 шаардагы кыргызстандыктар келди. Арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балалуу энелер бар. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспораларынын кайрылуулары… Кененирээк…

Ордо калаадагы стационарларда 61 миңден ашык адам медициналык жардам алды

Ордо калаадагы стационарларда 61 миңден ашык адам медициналык жардам алды. Мэриядан билдиришкендей, акыркы суткада күндүзгү стационарларга кайрылган бейтаптар мурдагыдан азыраак болду. Аталган жайлар керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Учурда Бишкекте 20га жакын күндүзгү жана түнкү стационарлар иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 23-июлга чейин өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Нөшөрлөп жаан жаайт. Мындан улам республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Коопсуздук максатында арыктарды жана суу түтүктөрүн өз убагында тазалоо сунушталат.