Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келди

Бишкекке Россиянын бир катар шаарынан мекендештер учуп келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 188 жаран чартердик каттам менен кайтарылды.

Бул учак менен 10 шаардагы кыргызстандыктар келди. Арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер,

кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана жаш балалуу энелер бар. Жүргүнчүлөрдүн

тизмеси кыргыз диаспораларынын кайрылуулары менен түзүлдү.