Жазы-Кечүү айылында алгачкы ирет электр энергиясы өткөрүлүүдө

Жазы-Кечүү айылында алгачкы ирет электр энергиясы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу “Жалал-Абад электр” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аймакта 230 электр мамычалары орнотулду. Ал эми муктаждык жалпысынан 137  үй-бүлөдө бар. Белгилеп кетсек, Жазы-Кечүү айылына буга чейин электр энергиясы тартылган эмес. Буга айылга бара турган жолдук жок болгону… Кененирээк…

Россияда «Өлбөс полк» кийинки жылы өтөт

Россияда «Өлбөс полк» кийинки жылы өтөт. Владимир Путин жүрүштү кийинки жылга жылдыруу идеясын колдоду. Адатта 9-майда болчу жүрүштү 26-июлда өткөрүү пландалган. Бул коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам кабыл алынган. Бирок Россиядагы «Өлбөс полктун» уюштуруучулары иш-чараны кийинки жылы толук кандуу түрдө өткөрүүнү сунуштаган.

Кочкор райондук маданият үйүндө стационар пайда болду

Кочкор райондук маданият үйүндө стационар пайда болду. Райондук штабдан билдиришкендей, имараттагы күндүзгү стационар бүгүнтөн тартып иштеп баштады. Учурда аймакта жалпысынан 318 орундуу стационарлар бар. Белгилеп кетсек, буга чейин өлкөдөгү бүт райондо стационарлар уюштурулсун деген өкмөттүн буйругу чыккан.

Чехиядагы кыргызстандыктар өлкөгө дары-дармек жөнөтүштү

Чехиядагы кыргызстандыктар өлкөгө дары-дармек жөнөтүштү. Өлкөдөгү студенттер жана эмгек миграциясында жүргөн жарандар 250 миң сом чогултту. Каражатка клексан препаратын сатып алынып, аймактарга бекер таратылууда. Ушул тапта Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер акча чогултуп дары-дармек, медициналык жабдууларды Россия, Түркия жана Кытайдан алдырууда.

Быйыл мыкты футболчуга «Алтын топ» сыйлыгы берилбейт

Быйыл мыкты футболчуга «Алтын топ» сыйлыгы берилбейт. Буга сыйлыкты ыйгаруудагы шарттар толук аткарылбай калгандыгы себеп болууда. Эми 2020-жылы бул сыйлыктын жеңүүчүсү аныкталбайт. Белгилеп кетсек, «Алтын топ» сыйлыгы 1956-жылдан бери быйыл биринчи жолу берилбейт. Наамга былтыр «Барселона» клубунун оюнчусу Лионель Месси татыган.

Коронавирусту дарылоо протоколуна гепарин жана клександы алмаштырган дарылар кирди

Коронавирусту дарылоо протоколуна гепарин жана клександы алмаштырган дарылар кирди. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, буга чейин коронавирусту дарылоонун алгоритми жана протоколу өзгөртүлгөн. Өлкөгө дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча чаралар көрүлүп, Өзбекстандан гепарин препаратынын бир партиясы жеткирилген. Жакынкы аралыкта Кытайдан да дары-дармектердин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле учурда Индиянын… Кененирээк…

Россиядан Бишкекке эки учак медициналык жабдуу келет

Россиядан Бишкекке эки учак медициналык жабдуу, препарат жана дарыгерлер келет. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, келген 100 дарыгер Бишкек жана Ош шаарындагы бейтапканаларда иштешет. Алар эпидемиолог, инфекционист жана коронавирусту дарылоодо тажрыйбасы бар адистер.

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана курууга даярдык көрүлө баштады

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана курууга даярдык көрүлө баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, курулушка ордо калаадагы Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан жер тилкеси дайындалды. Учурда Бишкек мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесин иштеп жатат.