Бишкек жана Оштогу  ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат

Бишкек жана Оштогу  ооруканалардын курулушу ушул жумада башталат.  Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Маалыматка ылайык, учурда алардын орду жана долбоору даярдалды.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган медициналык мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылышы зарыл, — деди өкмөт башчы. Андан тышкары, өлкө аймактарында колдонулбай турган бош имараттардын багыты өзгөртүлүп, ооруканага ылайыкташтырылат.