Кыргызстанда ишкерлерди колдоого 4 миллиард сомдон ашык бөлүндү

Кыргызстанда ишкерлерди колдоого 4 миллиард сомдон ашык бөлүндү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. “Ишкерлик субъекттерди каржылоо” программасын ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарга 2,2 миллиард сомду Каржы министрлиги, калганын Улуттк банк кредиттик аукциондордун алкагында берди.

 

Программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирустун жайылуу учурунда ишкердик субъекттерди колдоого багытталган.