Россияда «Өлбөс полк» кийинки жылы өтөт.
Владимир Путин жүрүштү кийинки жылга жылдыруу идеясын колдоду.
Адатта 9-майда болчу жүрүштү 26-июлда өткөрүү пландалган.
Бул коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам кабыл алынган.
Бирок Россиядагы «Өлбөс полктун» уюштуруучулары иш-чараны
кийинки жылы толук кандуу түрдө өткөрүүнү сунуштаган.