Кочкор райондук маданият үйүндө стационар пайда болду.
Райондук штабдан билдиришкендей, имараттагы күндүзгү стационар
бүгүнтөн тартып иштеп баштады. Учурда аймакта жалпысынан 318 орундуу
стационарлар бар. Белгилеп кетсек, буга чейин өлкөдөгү бүт райондо
стационарлар уюштурулсун деген өкмөттүн буйругу чыккан.