Россиядан Бишкекке эки учак медициналык жабдуу, препарат жана дарыгерлер келет.
Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, келген 100 дарыгер
Бишкек жана Ош шаарындагы бейтапканаларда иштешет. Алар эпидемиолог,
инфекционист жана коронавирусту дарылоодо тажрыйбасы бар адистер.