Жазы-Кечүү айылында алгачкы ирет электр энергиясы өткөрүлүүдө.
Бул тууралуу “Жалал-Абад электр” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
учурда аймакта 230 электр мамычалары орнотулду. Ал эми муктаждык жалпысынан
137 үй-бүлөдө бар. Белгилеп кетсек, Жазы-Кечүү айылына буга чейин электр
энергиясы тартылган эмес. Буга айылга бара турган жолдук жок болгону себеп.