Коронавирусту дарылоо протоколуна гепарин жана клександы алмаштырган дарылар кирди.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, буга чейин коронавирусту дарылоонун
алгоритми жана протоколу өзгөртүлгөн. Өлкөгө дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча
чаралар көрүлүп, Өзбекстандан гепарин препаратынын бир партиясы жеткирилген.
Жакынкы аралыкта Кытайдан да дары-дармектердин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле
учурда Индиянын жана Ирандын фармацевтикалык заводдору менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.