Кыргызстандын каскадерлору катышкан «Мулан» анимациялык тасмасы сентябрь айында онлайн көрсөтүлөт

Кыргызстандын каскадерлору катышкан «Мулан» анимациялык тасмасы сентябрь айында онлайн көрсөтүлөт. Киного кыргызстандык Эрлан Жанышбек уулу, Мурат Бурханов, Дамир Ашимов жана Нургазы Мамаражап уулу тартылган. Walt Disney компаниясы тасманын бет ачарын түз эфирден белгиленген суммада АКШда жана башка аймактарда көрүүчүлөргө тартуулайт. Ал эми канал жеткиликтүү эмес… Кененирээк…

Бишкектеги мыкты мектептер аныкталды

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы мыкты мектептердин рейтингин түздү. Муниципалитеттен билдиришкендей, алдыңкы үчилтикке №61-9-13-билим берүү мекемелери кирди. Мыктыларды тандоо 8 позицияда каралды. Алсак, анда алтын сертификаттар, кызыл аттестаттар, райондук, шаардык жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү, ошондой эле “Алтын тамга» тестирлөөсүндө мыкты көрсөткүчтөр каралды.

Ысык-Көл облусунда аймак жана район аралык каттамдарга уруксат берилди

Ысык-Көл облусунда аймак жана район аралык каттамдарга уруксат берилди. Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, аймак аралык коомдук унаалардын айдоочулары санитардык эрежелерди сакташы керек. Ошондой эле жүргүнчүлөр да беткапчан болушу шарт. Талаптарды аткарбаган каттамдын унаа ээлерине жана компания жетекчилигине чара көрүлөт.