Америкада  TikTok жана WeChat тиркемелери жакынкы аралыкта колдонулбай калат

Америкада  TikTok жана WeChat тиркемелери жакынкы аралыкта колдонулбай калат. Мамлекеттик катчы Майк Помпео билдиргендей, Кытайдын технологиялары өлкөнүн коопсуздугуна жана АКШ жарандарынын жеке маалыматтарына зыянын тийгизет. Ошондой эле америкалык тиркемелерди Кытайдын телефондоруна орнотууга тыюу салынат. Мындан тышкары Кытайдын маалымат топтоочу жана сактоочу “булут кызматы” чектелет. Тагыраагы… Кененирээк…

Кыргызстанда Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча рекорд жаралды

Кыргызстанда Ысык-Көлдү сүзүп өтүү боюнча рекорд жаралды. Иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкендей, суучул Виталий Худяков кечээ 5тен 15 мүнөт өткөндө Чолпон-Атадан багыт алып, 13 саат 18 мүнөт өткөндө Кажы-Сайдагы финишке жетти. Мөөнөт аралыгында спортчу 58 чакырымды сүзүп өттү. Виталий Худяков Казакстан спортчусу. Ал ачык асман алдындагы сууда… Кененирээк…

Алай районунда көчмө клиника иштеп баштады

Алай районунда көчмө клиника иштеп баштады. Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, мобилдүү клиника калкты тейлеп жатат. Ал рентген аппараты менен камсыздалган. Терапевт, пульмонолог, дарыгерлер элди акысыз көрүп, жардам көрсөтүүдө. Көчмө клиника ушул жума аяктаганга чейин райондун борбору Гүлчө айылында болот. Андан кийин райондун… Кененирээк…

Россиядагы кыргызстандыктар өлкөгө жеткирилди

Россиядагы кыргызстандыктар өлкөгө жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Москвадан Ош аба майданына 155 жаран, Санкт-Петербургдан 173 адам жеткирилди. Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Чүй облусундагы ооруканалардын реконструкциялоо жана оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдө

Чүй облусундагы ооруканалардын реконструкциялоо жана оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдө. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Токмок жана Орловка шаарларындагы ооруканалар капиталдык оңдоодон өтүп жатат.  Учурда Токмок шаарындагы 250 орундуу оорукананын полдору, терезелери жана эшиктери алмаштырылды. Ал эми Орловка шаарындагы 45 орундуу ооруканага эшиктердин блоктору орнотулууда Андан… Кененирээк…

Жыл аягына чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептер оңдоп-түзөлөт

Жыл аягына чейин өлкөдөгү авариялык абалдагы мектептер оңдоп-түзөлөт. Мындай убаданы премьер-министр Кубатбек Боронов берди. Анын айтымында, Москва, Өзгөн, Кара-Буура жана Нарын райондорундагы окуучулар мектепте шарт жок болгондуктан лагерь, турак жайлар жана контейнерде билим алып келишкен. Ушундай кемчиликтер жоюлуп, мектептерде сабак өтүүгө шарттар түзүлөт. Иштер кеч… Кененирээк…

Түп районунун Ичке-Суу айылынын такси кызматы тез жардам катары ишке тартылды

Түп районунун Ичке-Суу айылынын такси кызматы тез жардам катары ишке тартылды. Жергиликтүү администрацияга таянуу менен “Турмуш” басылмасы билдиргендей, вирус күч алган убакта аймактык 5 такси кызматкери калкка акысыз тейлөө көрсөттү. Учурда алар тыныгууда. Кайрадан жардамга муктаж жарандар болсо, айдоочулар иштерге тартылат. Белгилеп кетсек, аймактык фельдшердик… Кененирээк…

FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет

FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет. Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, Инфантино союз президенти Канатбек Маматовго биздин өлкөгө иш сапары менен келерин онлайн-конференция учурунда убада берди. Эми FIFA президенти эл аралык аба каттамдардын ачылышын күтөт. Эске салсак, буга чейин Жанни Инфантино  өлкөгө апрель айында келери айтылган.

Ысык-Көл облусуна кирүү шарттар өзгөрдү

Ысык-Көл облусуна кирүү шарттар өзгөрдү. Облустун кире беришинде жайгашкан Ак-Кеме жана Кызыл-Омпол санитардык-карантиндик посттор алынды. Өкмөтүнүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаевдин айтымында, санитардык-карантиндик түйүндөрүндө иштеп жаткан медицина кызматкерлери жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер өз ордунда иш алып баруусу керек. Көзөмөл түйүндөрүн иштетүүгө муктаждык болсо, кайрадан уюштурулат, —… Кененирээк…

Баткен облусунда жер титирөө катталды

Баткен облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, кечээ күчү беш баллга жеткен зилзаланын очогу Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолордо катталды. Жер титирөөнүн күчү калк жашаган Кара-Бак, Чок-Талаа, Газнефт, Жаңы-Жер айылдарында беш баллга чейин жетти. Баткен шаарында 4,5 балл, Бужум, Боз-Адыр айылдарында… Кененирээк…