Бразилиядагы унаа салону итти жумушка алды

Бразилиядагы унаа салону итти жумушка алды. Жаныбар күн сайын дүкөндүн алдында жүрө бергендиктен, ага салондун кызматкерлери тамак дагы берип турушкан.   Менеджер иттин тарбиясына баа берип, аны жумушка алуу чечимин кабыл алды. Кызматкерлер ага үй дагы куруп беришти. Ал эми кардарлар ит менен учурашуу үчүн… Кененирээк…

Быйылкы парламенттик шайлоолорго Россияда 5 жаңы тилке ачылат

Быйылкы парламенттик шайлоолорго Россияда 5 жаңы тилке ачылат. Биздин радиого БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып бергендей, алар Якутск, Иркутск, Южно-Сахалин, Сургут жана Москвада жайгашат.   Андан тышкары, Италия жана Францияда быйыл биринчи жолу шайлоо тилкелери ачылат. Эске салсам, президенттин чечими менен Жогорку Кеңешке шайлоолор быйыл… Кененирээк…

Кыргызстанда жарым жылда виртуалдуу китепканаларга 2 миллиондон ашык адам баш бакты

Кыргызстанда жарым жылда виртуалдуу китепканаларга 2 миллиондон ашык адам баш бакты. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, учурда өлкөдө 1 миң 64 онлайн-китепкана иштеп жатат.   Аларды окурмандар lib.kg сайтынан таба алат.

Бишкектин мектептерине электрондук кезек аркылуу 15 миң 203 арыз келип түштү

Бишкектин мектептерине электрондук кезек аркылуу 15 миң 203 арыз келип түштү. Алардын алкагында 1-класска 12 миң 176 бала кабыл алынды. Калган документтер каралып жатат. Арыздарды кабыл алуу уланууда.   Балдары быйыл   1-класска бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу… Кененирээк…

Бишкектин кафе-ресторандарында санитардык рейддерди жүрүзүү уланууда

Бишкектин кафе-ресторандарында санитардык рейддерди жүрүзүү уланууда. Мэриядан билдиришкендей, Ленин районунун санитардык көзөмөл инспекторлору Гагарин көчөсүндө жайгашкан ресторандын ээсине айып салып, протокол түзүштү.   Бул жерде тыюуга карабай, той өткөрүлүп жаткан. Андан тышкары дагы көп бузуулар катталды.   Мэрия вирустун жайылышын токтотуу максатында жарандарды той-аштарга баруудан… Кененирээк…

Парламенттик шайлоолорго карата жалпысынан 2 миң 464 шайлоо тилкеси ачылат

Парламенттик шайлоолорго карата жалпысынан 2 миң 464 шайлоо тилкеси ачылат. Арасында быйыл биринчи жолу иштей тургандар дагы бар. Алар тууралуу кененирээк БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.   “Быйыл шайлоо участкаларынын саны көбөйдү. Эң биринчиден бул Россия. 5 жаңы участка ачылып атат. Анын ичинде 4… Кененирээк…

Эң кымбат дүйнөлүк актерлор аталды

Эң кымбат дүйнөлүк актерлор аталды. “Forbes” басылмасынын версиясы боюнча,  голливуд актёру Дуэйн Жонсон  87 миллион 500 миң доллар кирешеси менен биринчи орунда.   Экинчиде канадалык актёр Райан Рейнольдс 71 миллион 500 миң доллар жылдык кирешеси менен.   Үчүнчүдө Марк Уолберг турат. Анын кирешеси 58 миллион доллар. Бен Аффлек 55 миллион кирешеси менен… Кененирээк…

Баткенде жеке коргонуучу каражаттар чыгарыла баштады

Баткенде жеке коргонуучу каражаттар чыгарыла баштады. Президент Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Кыя шаарындагы текстиль фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.   Фабрика заманбап жабдуулар менен камсыздалып, айына 500 миңге чейин товар өндүрөт.   Азыркы учурда 350 киши жумуш орду менен камсыз болгон. Келечекте бул санды 500гө чейин көбөйтүү пландалууда.… Кененирээк…