Бишкектин мектептерине электрондук кезек аркылуу 15 миң 203 арыз келип түштү

Бишкектин мектептерине электрондук кезек аркылуу 15 миң 203 арыз келип түштү. Алардын алкагында 1-класска 12 миң 176 бала кабыл алынды. Калган документтер каралып жатат. Арыздарды кабыл алуу уланууда.

 

Балдары быйыл   1-класска бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет.

 

Каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтаны улам текшерип туруу сунушталат.