Бразилиядагы унаа салону итти жумушка алды

Бразилиядагы унаа салону итти жумушка алды. Жаныбар күн сайын дүкөндүн алдында жүрө бергендиктен, ага салондун кызматкерлери тамак дагы берип турушкан.

 

Менеджер иттин тарбиясына баа берип, аны жумушка алуу чечимин кабыл алды. Кызматкерлер ага үй дагы куруп беришти. Ал эми кардарлар ит менен учурашуу үчүн эле ушул салонду тандап жатышканын айтышууда.