Ош облусунун Тогуз-Булак айылы карантинге жабык

Ош облусунун Тогуз-Булак айылы карантинге жабык. Жергиликтүү администрациядан 24 агенттигине билдиришкендей, айылга мал алып кирип-чыгууга тыюу киргизилген. Карантин режими 25-августка чейин күчүндө болот. Учурда аймактын 9 тургуну Сибирь жарасына шектелип ооруканада дарыланууда. Белгилеп кетсек, буга чейин ооруп калган уйду союуга 9 адам катышкан. Эт Талдык,… Кененирээк…

Япония Кыргызстанга стипендиялык программанын алкагында 2 миллион 900 миң доллар берет

Япония Кыргызстанга стипендиялык программанын алкагында 2 миллион 900 миң доллар берет. Өлкө элчилигинен билдиришкендей, каражат «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программалар» долбоорунун алкагында келет. Быйыл долбоордун алкагында Японияда магистр даражасын алуу үчүн 18 мамлекеттик кызматкер жана доктор даражасын алуу үчүн 2 кызматкер тандалып алынды. Кошумчаласак,… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Курманжан Датка, Огонбаев, Фрунзе көчолөрүнүн бир болүгүндө, Чыгыш 5 кичи районунда, Алтын-Ордо, Ак-Тилек, Ала-Тоо, Арча-Бешик, Дордой 2 жана Эне-Сай конуштарында электр энергиясы өчүрүөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы кымбаттайт

2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы кымбаттайт. Баанын жогорулашына акысыз бланктардын чыгарылбай калганы себеп болгонун Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 17-августтан кийин алгачкы жолу паспорт алып жаткан жаран 470 сом, ал эми биринчи жолу шашылыш түрдө алып жаткандар 1 миң 260 сом төлөп калат. Белгилеп кетсек, 2017-жылдан бери… Кененирээк…

Алгачкы ирет бүктөлмө экрандуу электрондук китеп жарык көрдү

Алгачкы ирет бүктөлмө экрандуу электрондук китеп жарык көрдү. Санарип окуу куралы чыныгы китептей көрүнөрүн @hi-tech басылмасы билдирет. Учурда мындай өзгөчөлүккө бир гана смартфондор ээ, болсо эми анын катарын электрондук китептер да ээлейт. Анын дисплейи 10 дюймду түзөт. Анын кубаттуулугу экрандагы сүрөттөр алмашканда гана коройт. Экран… Кененирээк…

Кыргызстандан Россияга 15-августтан 30-уна чейин 16 аба каттамы уюштурулат

Россия жана Кыргызстан ортосунда 15-августтан 30-уна чейин 16 аба каттамы уюштурулат. Алар Бишкек-Москва, Бишкек-Санкт-Петербург, Бишкек-Екатеринбург, Ош-Москва, Ош-Санкт-Петербург, жана Ош-Екатеринбург багыттарында. Россия жарандары учууга чейин үч күн эрте ПЦР-анализ тапшырууга тийиш, анын жыйынтыгын “Мамлекеттик кызмат” порталына жайгаштыруу керек.