2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы кымбаттайт.
Баанын жогорулашына акысыз бланктардын чыгарылбай калганы себеп болгонун
Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 17-августтан кийин алгачкы жолу
паспорт алып жаткан жаран 470 сом, ал эми биринчи жолу шашылыш түрдө алып жаткандар
1 миң 260 сом төлөп калат. Белгилеп кетсек, 2017-жылдан бери жарандарга атайын
чип орнотулган паспорт берилип келет. Ага карата Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги
гранттык негизде 2 миллионго жакын бланк берген. Келишим боюнча
мындан ары бланктарды акы төлөп алышыбыз керек.