Ош облусунун Тогуз-Булак айылы карантинге жабык.
Жергиликтүү администрациядан 24 агенттигине билдиришкендей,
айылга мал алып кирип-чыгууга тыюу киргизилген. Карантин режими 25-августка чейин күчүндө болот.
Учурда аймактын 9 тургуну Сибирь жарасына шектелип ооруканада дарыланууда.
Белгилеп кетсек, буга чейин ооруп калган уйду союуга 9 адам катышкан.
Эт Талдык, Тогуз-Булак, Кызыл-Байрак жана Беш-Мойнок айылдарынын 300гө жакын
тургунуна бөлүнүп берилген. Жарандар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Аймактагы мал жандыктарынын бары вакцинациядан өткөрүлдү.