Быйылкы күзгү-кышкы жылуулук берүү сезонуна даярдоо иштери 1 айда соңуна чыгышы керек

Быйылкы күзгү-кышкы жылуулук берүү сезонуна даярдоо иштери 1 айда соңуна чыгышы керек. Мындай талапты премьер-министр Кубатбек Боронов койду. Анын айтымында, пандемия шартында иштер адаттагыдан эрте бүтүшү керек. Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү аз болгонун да эске алуу зарыл. Ошондой эле калкты көмүр менен камсыздоо боюнча… Кененирээк…

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “РБ Лейпциг” “Атлетикону” жеңип алды

Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “РБ Лейпциг” “Атлетикону” жеңип алды. Кечээ өткөн оюнда германиялык командадан 50-мүнөттө Даниэль Ольмо жана 88-мүнөттө Тайлер Адамс каршылашынын дарбазасына гол киргизди. Ал эми “Атлетико” командасынан 71-мүнөттө пенальтини Жоау Фелиш тепти. Беттеш 2:1 эсебинде аяктады. Буга чейин “РБ Лейпциг” европалык клубдук турнирде… Кененирээк…

Ордо калаадагы “Семетей” обсервациясы жабылды

Ордо калаадагы “Семетей” обсервациясы жабылды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап кечээ госпиталдан сакайып чыкты. Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеди. Бул аралыкта 1,5 миң бейтап дарыланды. Учурда госпитал күзгү-кышкы сезонго жана коронавирустун экинчи толкунуна даярдалып… Кененирээк…

Израилдин Тель-Авив шаарында сууда жүрүүчү кинотеатр ачылат

Израилдин Тель-Авив шаарында сууда жүрүүчү кинотеатр ачылат. Тасмалар 22-28-август аралыгында көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр 70 кайыкка отургузулат. Алардын аралыгы 2 метрден болот. Мындай өзгөчөлүк коронавирус пандемиясынан улам жасалууда. Өлкөнүн маданият тармагы ушундай жол менен каражат табууну көздөп жатат.

Кыргызстан Россия жана Казакстан менен аба жолдорун ача тургандыгы азырынча анык эмес

Кыргызстан Россия жана Казакстан менен аба жолдорун ача тургандыгы азырынча анык эмес. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев novosti.kg ге билдирди. Анын айтымында, аталган мамлекеттерден расмий билдирүү келе элек. Эки өлкө менен учурда аба каттамдарын жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Россия… Кененирээк…

Өзбекстанда мектептер электрондук журналдарга жана күндөлүккө өтөт

Өзбекстанда мектептер электрондук журналдарга жана күндөлүккө өтөт. Бул өз кезегинде мугалимдердин кагазга байланыштуу иштерин азайтат жана ата-эне менен мектептин байланышын жакшыртат. Эми алар бир гана смартфон аркылуу баласынын сабактардан жетишкендиктерин көзөмөлдөшөт. Ошондой эле жаңы система үй тапшырма жана башка маселелер боюнча мессенжерлер аркылуу ата-энелер тайпаларын… Кененирээк…

Нарын облусунун Кочкор айылында эки көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт

Нарын облусунун Кочкор айылында эки көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт. Учурда тилкеде асфальт төшөө иштери башталды. Жалпысынан Чике уулу Дүйшө көчөсүнүн 2,5 чакырымы жана Гагарин көчөсүнүн 300 метр жери ремонттолот. Учурда жолдун алдыңкы катмары даярдалып, көпүрөлөр курулууда. Оңдоо иштерине 15 миллион сом сарпталат. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Жумуштар 30-сентябрга чейин бүтүп калат.

Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имараты ушул күздө пайдаланууга берилет.

Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имараты ушул күздө пайдаланууга берилет. Президент аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда курулуш иштеринин басымдуу бөлүгү аягына чыгып калды. Жумуштар соңуна чыккандан кийин жаңы имарат заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Долбоорду ишке ашырууга кувейттик фонд каражат бөлүп берди.… Кененирээк…

Казакстан 17-августтан тартып аба каттамдарын жандантат

Казакстан 17-августтан тартып аба каттамдарын жандантат. Өлкөнүн жарандык авиация агенттигинен билдиришкендей, алгач 7 мамлекет менен аба жолдору уюштурула баштайт. Алар Бириккен Араб Эмирлиги, Беларусия, Германия, Нидерланддар, Египет, Украина жана Россия. Ал эми каттамдардын санын өлкөлөр кырдаалга жараша бирге аныкташат. Эске салсак, Казакстан коронавирус пандемиясынан улам… Кененирээк…

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында капиталдык оңдоо жумуштары 50 пайызга аткарылды

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында капиталдык оңдоо жумуштары 50 пайызга аткарылды. Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда ички жумуштары жүрүп жатат. Анда инженердик тармактар жана күзөт-өрт сигнализациясы жакынкы аралыкта орнотулуп бүтөт. Объектиде жалпысынан 50 жумушчу иштеп жатат. Аталган медициналык мекемеде бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлөт.