Бишкек мэриясы партияларга ордо калаа аймагында съезддерин өткөрүүгө уруксат берди

Бишкек мэриясы партияларга ордо калаа аймагында съезддерин өткөрүүгө уруксат берди. Бирок саясий уюмдар санитардык нормаларды сакташы керек. Алсак, бир эле учурда 100дөн ашык адамды чогултуу болбойт.

 

Съезддер өтө турган имараттын кире беришинде адамдардын дене табы өлчөнүп, санитайзерлер коюлушу шарт. Адамдар бири биринен 2 метр аралыкты сактоо менен жана беткапчан отурушу керек. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрда өтөт.