Кыргызстанда алдыдагы жылуулук сезонуна кызуу даярдыктар көрүлүүдө

Кыргызстанда алдыдагы жылуулук сезонуна кызуу даярдыктар көрүлүүдө.

 

Энергетика жана өндүрүш мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтымында, учурда көмүрдү жеткирүүгө келишимдер түзүлүп жатат.

 

Күзгө карата жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары кара отунду сатуу түйүндөрүн ачат. Ошондой эле, Бишкек, Ош ЖЭБине көмүр жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Осмонбетов белгилегендей, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 14,5 миллиард кубометрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, эки миллиардка аз.