Бишкекте №19 мектептин кошумча корпусун куруу аягына чыгып калды

Бишкекте №19 мектептин кошумча корпусун куруу аягына чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 85 пайызга даяр. Күтүлгөндөй, жаңы корпус 198 окуучуга эсептелген.

 

Анда бий ийримдери үчүн, класстан тышкаркы сабактар үчүн бөлмөлөр, китепкана жайгашат. Долбоордун жалпы баасы 45 миллион сомду түзөт.