Мектеп окуучулары үчүн 1 миңден ашык видео сабактар тартылды

Мектеп окуучулары үчүн 1 миңден ашык видео сабактар тартылды. Бул тууралуу мектепке чейинки, мектеп жана андан тышкаркы билим берүү башкармалыгынын начальниги Марат Үсөналиев билдирди.

 

Анын айтымында, иштерге буга чейин атайын даярдыктан өткөн 200дөй мугалим тартылды. Буга чейин айтылганда, мектептер кадимки окуу форматына өтүп калса, бул видео сабактар кошумча булак катары колдонула берет.