Быйыл өлкө мектептеринде салттуу линейка болбойт

Быйыл өлкө мектептеринде салттуу линейка болбойт. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, күтүлгөндөй, биринчи коңгуроо онлайн форматта кагылат.

 

Учурда ведомство бул иш-чараны өткөрүүнүн бир нече варианттарын карап жатат. Эске салсак, быйыл биринчи класска 156 миң 430 бала барат. Алар кадимки форматта окуйт, калган окуучулар аралыктан билим алат.