Аргентинада Ковид төрөлдү. Ата-эне жарык дүйнөгө келген баласына дал ушундай ысымды ыйгарышты. Алардын пикиринде, кыйын заманда төрөлгөн наристе кийин дагы кыйын, күчтүү бала болуп чоңоет.
Үй-бүлөнүн туугандары бул ысымды жылуу кабыл алса, төрөт үйүнүн кызматкерлери жана башка жарандар ат жаман элес калтырып, бала өмүр бою коронавирус менен байланышып кала турганын айтышууда.