Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ун таратылууда

Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ун таратылууда. Аймактагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан                   320 тонна ун тапшырылган.   Учурга карата анын 75 пайызы даректер боюнча жеткирилди. Белгилеп кетсек, Ош облу4сунда 28 миң аз камсыздалган үй-бүлө бар. Андан тышкары, жергиликтүү бийлик органдарынын чечими менен 30… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 18-19-августта өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, тоолуу райондордо ал карга, мөндүргө өтүшү мүмкүн.   Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бишкекте Краснодонцев көчөсүн кайра калыбына келтирүү иштери башталды

Бишкекте Краснодонцев көчөсүн кайра калыбына келтирүү иштери башталды. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, жол 1984-жылдан бери ремонттолбой, кейиштүү абалга келип калган.   Узундугу 1 чакырымга жеткен жолдун асфальттык катмары толук жаңыртылат. Иштер 22-августта жыйынтыкталат, — дешти муниципалитеттен.

Казакстанда быйыл жүргүнчү ташуучу автобустар чыгарылып, биздин өлкөгө экспорттолушу мүмкүн

Казакстанда быйыл жүргүнчү ташуучу автобустар чыгарылып, биздин өлкөгө экспорттолушу мүмкүн. Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, завод жылына               1 миң 200 автобус жана 400 атайын техника өндүрүшү күтүлүүдө.   Анын ачылышы менен коомдук транспортту Россия, Кыргызстан, Иран, Пакистан жана башка өлкөлөргө экспорттоо каралып жатат.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү долбоору ишке кирди

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү долбоору ишке кирди.   Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлору жана 111 –  “Балдар үчүн  ишеним телефону” иштеп баштады.

Чет мамлекеттерден кыргызстандыктарды кайтаруу уланууда

Чет мамлекеттерден кыргызстандыктарды кайтаруу уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Новосибирск-Бишкек чартердик каттамы менен 182 жаран алып келинди.   Учак менен кош бойлуу, балалуу аялдар, оорукчан жана улгайган адамдар, мекенине чукул кайтууга муктаж болгон жарандар, Сибирь аймагындагы окуу жайларында окуган студенттер келишти.   Ведомство маалыматына… Кененирээк…

БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү

БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.   “Парламенттик шайлоолорго шайлоочулардын алдын ала тизмеси такталган. 3 миллион 429 миң 43 шайлоочу. Шайлоочулардын саны мурдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 403 миң жаранга көбөйдү. Деги эле калктын санынын көбөйгөнүнө байланыштуу бул”… Кененирээк…

Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды кайра алмаштыра баштады

Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды кайра алмаштыра баштады. Бул тууралуу башкы каржы мекемесинен билдиришти. Маалыматка караганда, Улуттук банк бүгүнтөн тартып өлчөнгөн алтын куймаларын жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды кайрадан жүргүзө баштайт. Эске салсак,  буга чейин июль айынын баштарында Улуттук банк эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эскилиги… Кененирээк…

Кыргызстанда 261 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда 261 адам коронавирусту жеңип чыкты. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Жалал-Абад жана Чүй облустарында. Ушуну менен вирустан сакайгандардын жалпы саны 34 миң 567ге жетти. Белгилеп кетсек, акыркы суткада КОВИД-19 вирусун жуктурап алгандар азаюуда.

«Барселона» клубунун башкы машыктыруучусу Кике Сетьен кызматынан кетет

«Барселона» клубунун башкы машыктыруучусу Кике Сетьен кызматынан кетет. Бул тууралуу аталган клубдун президенти Жозеп Мария Бартомеу жарыялады. Машыктыруучунун иштөө мөөнөтү келишим боюнча 2022-жылы аякташы керек болчу. Анын ордуна  Рональд Куман, Маурисио Почеттино жана клубдун мурдагы футболчусу Хави талапкер. Белгилеп кетсек, «Барселона» жума күнү УЕФАнын Чемпиондор… Кененирээк…