Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюнунда “Бавария” “ПСЖ” менен беттешет

Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюнунда “Бавария” “ПСЖ” менен беттешет. Эки команда бардык каршылаштарын калтырып алдыга озуп чыгышты. Мелдеш 23-августта, ушул жекшембиде өтөт. Белгилеп кетсек, жарым финалда германиялык команда “Лион” клубун жана франциялык футболчулар “РБ Лейпциг” курамасын жеңишкен. Барынан кызыгы, финалга эки команда тең 3:0 эсебинде чыгышты.

Ордо калаанын айрым аймактырында жарык өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым аймактырында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 7ге чейин Чүй проспектиси, Күреңкеев, Алай, Керимов, Абдрахманов, Баялинов, Сүйүнбаев, Ереван көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, чыгыш 5кичи районунда, Дордой 2, Рухий-Мурас жана Арча-Бешик конуштарынын айрым тилкелеринде жарык жок болот.

Нарын районунда ири долбоор ишке ашат

Нарын районунда ири долбоор ишке ашат. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, Куланак айылында болжолдуу сметалык наркы 1 миллиард 800 миллион сомду түзгөн канал пайда болот. Ирригациялык тармак ишке кириши менен 5 миң гектар жерди суу менен камсыздайт. Учурда долбоордун техникалык жана экономикалык… Кененирээк…

Учурда өлкө боюнча 14 саламаттыкты сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Учурда өлкө боюнча 14 саламаттыкты сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө. Республикалык штабдан билдиришкендей, республика боюнча жалпысынан 5 имарат курулуп жатат. Алардын ичинен 3 объекти тез курулуучу конструкциялардан салынат. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районунда эки оорукананын курулушу жүрүүдө. Алар республикалык бюджеттин эсебинен… Кененирээк…