Учурда өлкө боюнча 14 саламаттыкты сактоо объектисинде курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө. Республикалык штабдан билдиришкендей, республика боюнча жалпысынан 5 имарат курулуп жатат.
Алардын ичинен 3 объекти тез курулуучу конструкциялардан салынат.
Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарында жана Кара-Суу районунда эки оорукананын курулушу жүрүүдө.
Алар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Ошондой эле 9 саламаттыкты сактоо объектилеринде кайрадан профилдөө үчүн оңдоо иштери аткарылууда.