Чемпиондор лигасынын жыйынтыктоочу оюнунда “Бавария” “ПСЖ” менен беттешет.
Эки команда бардык каршылаштарын калтырып алдыга озуп чыгышты.
Мелдеш 23-августта, ушул жекшембиде өтөт. Белгилеп кетсек, жарым финалда
германиялык команда “Лион” клубун жана франциялык футболчулар “РБ Лейпциг” курамасын
жеңишкен. Барынан кызыгы, финалга эки команда тең 3:0 эсебинде чыгышты.