Кыргызстан аймактарында жолдорду кайра калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө
Кыргызстан аймактарында жолдорду кайра калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, кезекте Түп районунун Бакай көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтөт. Учурда тилкеге асфальт төшөлүп баштады. Иштер жалпысынан 1,5 чакырым жерде аткарылат. Учурда жумуштардын 50 пайызы аяктады. Ага карата 13 атайы оор техника тартылды.