Нарын районунда ири долбоор ишке ашат

Нарын районунда ири долбоор ишке ашат.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында,

Куланак айылында болжолдуу сметалык наркы 1 миллиард 800 миллион сомду түзгөн канал пайда болот. Ирригациялык тармак ишке кириши менен 5 миң гектар жерди суу менен камсыздайт.

Учурда долбоордун техникалык жана экономикалык негиздемеси даяр.

Курулуш иштерин кийинки жылы баштап, 2026-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.