Стамбулдун Бейоглу районунда эркек Lamborghini Aventador унаасы менен дарбыз сатып элди таң калтырды

Стамбулдун Бейоглу районунда эркек Lamborghini Aventador унаасы менен дарбыз сатып элди таң калтырды. Түркияда мындай үлгүдөгү машиненин эскисинин эле 672 миң долларды түзөт.   Бул тууралуу түркиялык Hurriyet басылмасы жазып чыкты. Табышмактуу эркек ар бир дарбызды болгону 5 лирадан саткан. Кымбат унаа менен көчө соодасынын… Кененирээк…

Өзбекстан менен аба каттамдар 15-сентябрдан тарта жанданат

Өзбекстан менен аба каттамдар 15-сентябрдан тарта жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, учурда бул маселе боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.   Ошондой эле, сүйлөшүүлөр Казакстан менен дагы жүргүзүлүүдө.

Колумбиянын бийлиги Түштүк Америкадагы эң узун туннель ачты

Колумбиянын бийлиги Түштүк Америкадагы эң узун туннель ачты. Ал Тынч океандагы Буэневентура портуменен өлкөнүн борборун байланыштырат. Туннелди курууга 10 жыл кетти.   Анын узундугу – 8,5 чакырымдан ашат. Жаңы туннелдин колдонууга берилиши менен порттон өлкөнүн башка аймактарына жүк ташууда убакыт жана каражат үнөмдөлүүдө. Туннелди курууга… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери “балага сүйүнчү” пособиесин 3 миңден ашык үй-бүлө алды

Кыргызстанда жыл башынан бери “балага сүйүнчү” пособиесин 3 миңден ашык үй-бүлө алды.   Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта республикалык бюджеттен 995 миң сом бөлүнгөн.   Эске салсак, бир жолку жөлөк пулду алуу процедурасы жеңилдетилген. Пособие кайрылгандан кийин 2 күн аралыгында берилет.… Кененирээк…

БШК кыргызстандыктарды өздөрүн шайлоочулар тизмесинен эртелеп текшерип алууну сунуштайт

БШК кыргызстандыктарды өздөрүн шайлоочулар тизмесинен эртелеп текшерип алууну сунуштайт. Комиссиядан билдиришкендей, процедура tizme.gov.kg сайтында жеткиликтүү.   Ошондой эле, 1255 жана 119 кыска номурларына чалып, маалымат алса болот. Андан тышкары, жарандар 119 номуруна ПИН кодун СМС аркылуу жөнөтүп, дароо шайлоо тилкеси көрсөтүлгөн жоопту ала алат. Белгилеп… Кененирээк…

Санитардык жана карантиндик талаптарды бузган ишкерлер жазаланат

Санитардык жана карантиндик талаптарды бузган ишкерлер жазаланат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, рейддерде аныкталгандай, көпчүлүк кафе-ресторан жана коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбай келет.   Талаптарды бузгандарды жоопкерчиликке тартып, объектилерди жабуу сунушталат, — деди премьер.

Түркмөнстанда инфекциялык илдеттен дарыланбагандар жазаланат

Түркмөнстанда бийлик Жазык кодексине өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, эми мындан ары «коркунучтуу инфекциялык оорудан» дарылангысы келбегендер, ооруканадан качкандар эки жылга эркинен ажыратылат. Эгер мындай көрүнүш дагы кайталанса, беш жылга түрмөгө кесилет.   Жазык кодексине киргизилген алымча-кошумчалар медиа каражаттарына жарыяланды. Анда документке президент Гурбангулы Бердымухамедов 22-августта… Кененирээк…

Боронов көп киши чогулткан кафе-ресторандарды жабууну сунуштады

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов коронавирусту жайылтпоо эрежелерин улам бузуп жаткан кафе-ресторандар жабылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде айтты.   Президент жана премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, күз-кыш мезгилине даярдыкты, парламенттик шайлоону өткөрүү маселелерин талкуулашты. Боронов ооруканаларды куруу… Кененирээк…

Москвада ыктыярчыларды коронавируска каршы эмдөө башталат

Москва шаарында ушул аптадан тартып ыктыярчыларды коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу буга чейин мэр Сергей Собянин өкмөттүн жыйынында президент Владимир Путинге билдирген. Мэрдин айтымында, алгачкы эмдөөгө өз ыктыяры менен беш миңдей адам жазылган жана вакциналардын алгачкы партиясы Москвадагы үч бейтапканага жеткирилген.   Маалыматтарга караганда,… Кененирээк…

АКШда 20 жыл мурда жашаган Пржевальский жылкысынын клонун жаратышты

АКШда 20 жыл мурда жашаган Пржевальский жылкысынын клонун жаратышты. Бул убакыт аралыгында аттын гени муздаткычта сакталып келген. Кулун августта Калифорниядагы зоопарктардын биринде туулду.   Окууштуулар муну чоң жетишкендик деп, кызыл китепке кирген аттын түрүн кайра көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жаралганын белгилешти. Кошумчаласак, Пржевальский аты жаратылыштагы жалгыз жапайы… Кененирээк…