Кыргызстанда жыл башынан бери “балага сүйүнчү” пособиесин 3 миңден ашык үй-бүлө алды.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта республикалык бюджеттен 995 миң сом бөлүнгөн.
Эске салсак, бир жолку жөлөк пулду алуу процедурасы жеңилдетилген. Пособие кайрылгандан кийин 2 күн аралыгында берилет. “Балага сүйүнчүнү” алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына ата-эне паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен кайрылуу керек.