БШК кыргызстандыктарды өздөрүн шайлоочулар тизмесинен эртелеп текшерип алууну сунуштайт

БШК кыргызстандыктарды өздөрүн шайлоочулар тизмесинен эртелеп текшерип алууну сунуштайт. Комиссиядан билдиришкендей, процедура tizme.gov.kg сайтында жеткиликтүү.

 

Ошондой эле, 1255 жана 119 кыска номурларына чалып, маалымат алса болот. Андан тышкары, жарандар 119 номуруна ПИН кодун СМС аркылуу жөнөтүп, дароо шайлоо тилкеси көрсөтүлгөн жоопту ала алат. Белгилеп кетсек, тизмени текшерип, зарыл болсо, маалыматты алмаштыруу 20-сентябрга чейин мүмкүн болот.