Санитардык жана карантиндик талаптарды бузган ишкерлер жазаланат

Санитардык жана карантиндик талаптарды бузган ишкерлер жазаланат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, рейддерде аныкталгандай, көпчүлүк кафе-ресторан жана коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталбай келет.

 

Талаптарды бузгандарды жоопкерчиликке тартып, объектилерди жабуу сунушталат, — деди премьер.