Боронов көп киши чогулткан кафе-ресторандарды жабууну сунуштады

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов коронавирусту жайылтпоо эрежелерин улам бузуп жаткан кафе-ресторандар жабылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде айтты.

 

Президент жана премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды, күз-кыш мезгилине даярдыкты, парламенттик шайлоону өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Боронов ооруканаларды куруу жана оңдоп-түзөө иштери күчөтүлгөн темпте жүрүп жатканын билдирди.

 

Коомдук транспортто жана кафе-ресторандарда санитардык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча рейддер жүрүп жатканын айтты. Эрежени сактабай, улам буза берген кафе-ресторандардын ээлерине айыппул салып гана чектелбестен, андай жайларды жапканга чейин барыш керек экенин белгиледи.

Президент Жээнбеков коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин өзгөчө белгилеп, аймактардагы ооруканалардын абалына, аларды жабдууга, кошумча орундарды даярдоого жана дары-дармек запасын камсыз кылууга көңүл бурду.

 

Ал шайлоого карата техникалык жана санитардык даярдыкты, шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. Президент ишкерликти колдоого, калкты санариптик тейлөөгө, салыктык фискалдаштырууга көңүл буруу зарыл экенин айтты.