Стамбулдун Бейоглу районунда эркек Lamborghini Aventador унаасы менен дарбыз сатып элди таң калтырды

Стамбулдун Бейоглу районунда эркек Lamborghini Aventador унаасы менен дарбыз сатып элди таң калтырды. Түркияда мындай үлгүдөгү машиненин эскисинин эле 672 миң долларды түзөт.

 

Бул тууралуу түркиялык Hurriyet басылмасы жазып чыкты. Табышмактуу эркек ар бир дарбызды болгону 5 лирадан саткан. Кымбат унаа менен көчө соодасынын өзгөчө айкалышы жергиликтүү элдин кызыгуусун арттырып, кезекке тургандардын саны арбын болду.