УЕФАнын суперкубогун “Бавария” жеңип алды

УЕФАнын суперкубогун “Бавария” жеңип алды. Германиянын клубу испаниялык “Севильяны” 2:1 эсебинде утту.   Голдорду атаандаштын дарбазасына Леон Горецки жана Хави мартинес киргизди. Бавариялыктардын жарым коргоочусу Томас Мюллер таймаштын мыкты футболчусу деп табылды.   “Бавария” муну менен өз тарыхында экинчи ирет УЕФАнын cуперкубогун жеңип алды.

Бишкекте суу оргумалар сезону соңуна чыгууда

Бишкекте суу оргумалар сезону соңуна чыгууда.  novosti.kgге мэриядан билдиришкендей, фонтандарды өчүрүүнүн болжолдуу күнү – 15-октябрь. Бул үчүн тиешелүү токтом кабыл алынышы керек.   Эске салсак, ордо калаада 16 суу оргумасы бар. Алар адатта апрель айынан октябрга чейин шаар тургундарын кубандырат.

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү. Боршайкомдун маалыматына ылайык, жалпысынан 3 миллион 523 миң бюллетень басылып чыкты. Анын эң көбү Ош облусуна жөнөтүлдү – 682 миң даана, эң аз Таласка – 149 миң.   Комиссиядан белгилешкендей, бюллетендерди басып чыгаруу процессине күнү-түнү көзөмөлдөө жүргүзүлдү. Ар бир документ… Кененирээк…

Шайлоо күнүндө коомдук коопсуздукту 11 миң милиция кызматкери камсыздайт

Шайлоо күнүндө коомдук коопсуздукту 11 миң милиция кызматкери камсыздайт.   Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жарыялады. Анын айтымында, добуш берүүгө 1 жума калганда милициянын толук курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине өтөт.   Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрга белгиленди.

Улуу Британияда коронавирус вакцинасын сыноо үчүн ыктыярчыларга вирус атайлап жуктурулат

Улуу Британияда коронавирус вакцинасын сыноо үчүн ыктыярчыларга вирус атайлап жуктурулат. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, алгач каалоочуларга коронавируска каршы вакцина берилип, бир айдан кийин коронавирус инфекциясын чакыруу өлчөмүндөгү вирус сайылат.   Сыноого катышуу ниетин 2 миңге жакын киши билдирди. Учурда Улуу Британияда вакцинаны иштеп чыгуу… Кененирээк…

Бишкекте жаңы ондолгон көчөлөрдө кемчиликтер жоюлууда

Бишкекте жаңы ондолгон көчөлөрдө кемчиликтер жоюлууда. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп кытайлык гранттын эсебинен калыбына келтирилген жолдор тууралуу болуп жатат.   Адистер аларда бордюрларды алмаштырып, ирригациялык лотокторду орнотуп, жаракаларды жамап, жол чийиндерин түшүрүүдө. Иштер 43 көчөдө аткарылат. Кемчиликтерди атайын комиссия аныктап жатат.   Ага шаар кызматтарынын,… Кененирээк…

Ош шаары жылуулук сезонуна толук даяр

Ош шаары жылуулук сезонуна толук даяр. Буга түштүк калаа мэриясынан ишендиришүүдө. Маалыматка ылайык, 81 буу казан тестирлөө иштеринен ийгиликтүү өттү. Даярдыктын алкагында жылуулук тармактар жаңыртылды.   Андан тышкары, социалдык объектилердин жылуулук  системасы ремонттолду.

Дээрлик жарым миллион кыргызстандык №2 формасы боюнча добуш берет

Дээрлик жарым миллион кыргызстандык №2 формасы боюнча добуш берет. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, мындай арыздар 2015-жылкы парламенттик шайлоолордо дагы, 2017-жылкы президенттик шайлоолордо дагы катталган.   №2 форма менен жаран бир гана катталган жери менен эмес, жашаган жеринен добуш бере алат.… Кененирээк…

Австралияда эч жакка барбай турган аба каттамдар ачылды

Австралияда эч жакка барбай турган аба каттамдар ачылды. Пландалгандай, учак Сиднейден чыгып, австралиялыктардын сйкт аралдарынын үстүнөн учуп өтүп, кайра Сиднейге кайтып келет.   Учуу убактысы 7 саат. Кызыгы, биринчи каттамга билеттер 10 мүнөттө эле сатылып бүттү. Алар көптөн бери учпай, сагынган адамдар.

УЕФА сезондун мыкты футболчуларын атады

УЕФА сезондун мыкты футболчуларын атады.   Талапкерлердин үчилтигине “Манчестер Ситинин” жарым коргоочусу Кевин де Брюйне, “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски жана “Бавариянын” дарбазачысы Мануэль Нойер кирди.   Мыктынын аты 1-октябрда жарыяланат. Белгилеп кетсек, биринчи жолу тизмеге Месси дагы, Роналду дагы кирген жок.