Шайлоо күнүндө коомдук коопсуздукту 11 миң милиция кызматкери камсыздайт.
Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жарыялады. Анын айтымында, добуш берүүгө 1 жума калганда милициянын толук курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине өтөт.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрга белгиленди.