Дээрлик жарым миллион кыргызстандык №2 формасы боюнча добуш берет. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, мындай арыздар 2015-жылкы парламенттик шайлоолордо дагы, 2017-жылкы президенттик шайлоолордо дагы катталган.
№2 форма менен жаран бир гана катталган жери менен эмес, жашаган жеринен добуш бере алат.
Комиссиядан белгилешкендей, шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери аяктады. Ага 3 миллиондон ашык адам кирди.