Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы корпусун куруу уланууда

Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы корпусун куруу уланууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, объекти 100 орунга чакталат. Учурда чатырын жабуу, бөлмө аралык түзүмдөрдү орнотуу, ички жана тышкы шыбак иштери аткарылып жатат. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилди. Ушул убакка чейин жалпы сумманын 50 миллион… Кененирээк…

Уюмдар жана жеке ишкерлер 1-январдан тартып салык отчетторун электрондук форматта бериши керек

Уюмдар жана жеке ишкерлер 1-январдан тартып салык отчетторун электрондук форматта бериши керек. Салык кызматынан билдиришкендей, отчетту электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөргө квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала, азыртан баштап сатып алуу сунушталат. Ал Инфоком, Dostek, Ubr ишканаларында жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, 2019-жылдан тартып товарларды… Кененирээк…

Бишкек мэриясы эки ирет эреже бузган ресторан ээлерине кылмыш иши козголо турганын эскертет

Бишкек мэриясы эки ирет эреже бузган ресторан ээлерине кылмыш иши козголо турганын эскертет. Андан тышкары, иш-чараларды уюштурууда жаңы, кызыктуу жана санитардык форматтарды ойлоп табуу сунушталат. Буга чейин Республикалык штабдан той-аш өткөргөндөргө айыптын көлөмү көбөйтүлөрүн билдиришкен. Учурда өлкө боюнча кафе-ресторандарда 50дөн ашык адамды чогултууга уруксат берилбейт.… Кененирээк…

Кыргызстанда У доллар кымбаттоо багытында

Кыргызстанда Улуттук Банк интервенция өткөргөнүнө карабай доллар кымбаттоо багытында. Бүгүнкү күндө америкалык валютанын куну 80 сомго жакындап калды. Доллар 79 сом 50 тыйындан сатып алынып, кайра 79 сом 80 тыйындан сатылууда. Акыркы сутка ичинде курс дагы 20 тыйынга жогорулады. Ал эми росиялык рубль өз позициясын… Кененирээк…

Россияда пол жууган аял айыл өкмөтү болуп шайланды

Россияда пол жууган аял айыл өкмөтү болуп шайланды. Окуя Кострома облусунда катталды. Марина Удгодскаяны башка талапкер, добуштарды чачыратуу үчүн жөн гана каттатып койгон.   Бирок айыл тургундарынын көбү дал ушул аялга добуш беришкен. Ал 1-октябрда расмий кызматка отуруп, дароо эле ордун тапшыра турганын жана пол… Кененирээк…

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Твиттердеги баракчасына өзүнүн телефон номерин жарыялады

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Твиттердеги баракчасына өзүнүн телефон номерин жарыялады.   Ал жарандарга кайрылып, алардын иштери тууралуу, президенттик шайлоолордо кимге добуш бере турганын билгиси келгенин жазып, өзүнүн номерин калдырды.   3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда аракеттеги лидер Дональд Трамп жана 78 жаштагы Жозеф… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 142 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 142 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 51, Ошто 28, Таласта 6, Чүйдө 12, Нарында 1, Ысык-Көлдө 22, Жалал-Абадда 10, Баткенде 12 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 42 миң 147ге жетти.

Пандемия ошондой эле, үй-бүлө курууга дагы залакасын тийгизди

Пандемия ошондой эле, үй-бүлө курууга дагы залакасын тийгизди. Бир жылда расмий баш кошкондордун саны кескин кыскарды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын башында өлкөдө 25 миң 600 түгөй баш кошту.   Ал эми өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында  үйлөнгөндөрдүн саны 34 миңден ашкан.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө суроо-талап төмөндөдү

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө суроо-талап төмөндөдү. Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин айтымында, буга дүйнөдөгү инвестициялык абал жана акча которуулардын азайганы себеп.   Маалыматка ылайык, мигранттар жөнөткөн акчанын 30 пайызы курулуш тармагына багытталат. Бирок киреше азайып, курулуш дагы токтоп калды. Жалпысынан, пандемияга чейинки абалга өлкө эмки… Кененирээк…

Улуттук банктын интервенциясына карабай, доллар кымбаттап жатат

Улуттук банктын интервенциясына карабай, доллар кымбаттап жатат. Бүгүнкү күндө анын куну 80 сомго жетти. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары, америкалык валютаны 79 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра  79 сом 80 тыйынга сатышууда.   Мунун менен 1 күндө доллар 20 тыйынга кымбаттады. Эске салсак, 23-сентябрда… Кененирээк…