Россиялык теннис спортчусу Мария Шарапова АКШда эң бай аялдардын тизмесине кирди

Россиялык теннис спортчусу Мария Шарапова АКШда эң бай аялдардын тизмесине кирди. Анда аялдардын каражатты өздөрү иштеп тапканы эске алынды. Спортчу Forbes америкалык басылмасынын рейтингинде алгачкы ирет жайгашты. Ал 97 орундан 87чиге жайгашты. Анын каражаты 200 миллион долларга бааланат.

Apple компаниясы 5G байланышын кармай алган жаңы айфондун 4 моделин тартуулады

Apple компаниясы 5G байланышын кармай алган жаңы айфондун 4 моделин тартуулады. Бул байланыш жогорку ылдамдыктагы интернетти камсыздай алат. Кыргызстанда мындай тармак азырынча жок. Смартфондор менен биргеликте алардын магнит аркылуу кубаттоочу зымсыз түзүмү көрсөтүлдү. iPhone 12 жана iPhone 12 Pro октябрдын аягында сатыкка чыкса, iPhone 12… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Мэриядан билдиршкендей, бүгүн саат 10дан кечки 5ке чейин Курортный, Барпы, Сейил, Пушкин, Эркиндик, Миндальная, Лесная, Швейная, Мырзакулов, Горный, анный, Спортивный, Балтагулов, Высотная көчөлөрүндө жана Жеңиш кичирайонунда электр энергиясы болбойт. Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Парламенттин  кезексиз жыйынында төраганы шайлоо үчүн жашыруун шайлоо уюштурулуп, 80 депутат катышты. Айрымдары ишеним кат аркылуу. Исаевдин талапкерлигине 78 депутат «макул» болсо 2 депутат «каршы» добуш берди. Белгилеп кетсек, Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына жалгыз талапкер болду..

Бишкекте “Ынтымак 2” сейил багын куруу уланууда

Бишкекте “Ынтымак 2” сейил багын куруу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, анда чоң фонтан, амфитеатр жана сейилдөө аянтчасы болот. Учурда көк майсан болчу жер 70 пайызга даяр. Иштер түштүк-батыш тарапта уланууда. Сейил багынын жалпы аянты дээрлик 8,5 гектарды түзөт. Анда тротуар, спорттук аянтча жана унаа токтотмолору да… Кененирээк…

Каракол шаарында жаңы бала бакча пайда болду

Каракол шаарында жаңы бала бакча пайда болду. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 120 орунга чакталат. Бакча Элебаев жана Карасаев көчөлөр кесилишинде жайгашкан. Долбоорго 43 миллион сом сарпталды. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.

Бишкекте бала бакчалар качан иштеп баштайт азырынча белгисиз

Бишкекте бала бакчалар качан иштеп баштайт азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, мектепке чейинки даярдоо мекемелерин ачуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Өз кезегинде бакчалар иштөөгө толук даяр. Аларды ачууга буйрук келсе эле иштеп баштаса болот.

Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча токтом кабыл алынды

Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча токтом кабыл алынды. Жогорку кеңештин кезексиз жыйынында 62 депутат документти бир добуштан колдоп беришти. Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлык чыгарган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрда кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон.… Кененирээк…