Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.
Жогорку кеңештин кезексиз жыйынында 62 депутат документти бир добуштан колдоп беришти.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкекке өзгөчө абал режимин
киргизүү боюнча жарлык чыгарган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрда
кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон. Мыйзамга ылайык, эгер парламент маселени
бекитип бербесе, документ үч күндөн кийин күчүн жоготмок. Эми ордо калаада өзгөчө абал режими
19-октябрга чейин күчүндө болот. Түнкү саат 10дон таңкы 5ке чейин
шаар тургундарына сыртка чыгууга уруксат берилбейт.