Apple компаниясы 5G байланышын кармай алган жаңы айфондун 4 моделин тартуулады

Apple компаниясы 5G байланышын кармай алган жаңы айфондун 4 моделин тартуулады.

Бул байланыш жогорку ылдамдыктагы интернетти камсыздай алат. Кыргызстанда мындай

тармак азырынча жок. Смартфондор менен биргеликте алардын магнит аркылуу кубаттоочу

зымсыз түзүмү көрсөтүлдү. iPhone 12 жана iPhone 12 Pro октябрдын аягында сатыкка чыкса,

iPhone 12 mini жана iPhone 12 Pro Max 13-ноябрдан кийин жеткиликтүү болот.

Баалары 75 миң сомдон 120 миңге чейин.